24.04.2018 09:20

Кытайда жол чырак кызыл күйгөндө өткөн адамдарга суу чачылат

Кытайда жол чырак кызыл күйгөндө өткөн адамдарга суу чачылат

Кытайдын Хуанши шаарындагы, Хубэй провинциясында жол чырактын кызыл жарыгы күйгөнүнө карабай өткөн жарандарды суу чачып токтоткон темир түркүк орнотулду. Бул тууралуу Кытай маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жол жээгинде орнотулган темир түркүктөр жол эрежесин бузган жарандарга муздак суу чачып турат. Мындай суу чачуучу түркүктөр провинциянын борбордук кең көчөлөрүнө коюлган. Мындан тышкары, жабдуу эреже бузган кишини сүрөткө тартып, аны полицияга жөнөтөт. Ал жерде кишинин ким экени такталып, ошол кесилишке орнотулган экранга аты-жөнү чыгат. Бул жаңы ыкманы ишке ашыруу үчүн шаар бийлиги 207 миң доллар сарптаган.

Көпчүлүк Кытай жарандары бул ыкманы сын көз карашта кабыл алышкан. Айрымдар тамаша катары кабыл алып социалдык тармактарда “жакында чоң апалар чака көтөрүп суу алганы барышат”, “жаан күндөрү жол эрежесин бузуп өтүү кеп эмес” деген билдирүүлөрдү калтырышкан.