02.11.2018 13:53

Кытайда жүргүнчү менен айдоочунун чатагынан автобус дарыяга кулап, 13 адам каза тапты (видео)

Кытайда жүргүнчү менен айдоочунун чатагынан автобус дарыяга кулап, 13 адам каза тапты (видео)

Кытайда дарыянын үстүнөн өтүп бараткан автобус көпүрөдөн кулап кетип, 13 адам каза тапты. Бул туурасында Sina маалыматтар порталы билдирди.

Жүргүнчү ташыган автобус Чунцин шаарындагы Янцзы дарыясына түшүп кеткен. Кырсыкка айдоочу менен жүргүнчү аялдын урушу себеп болгон. Анын жыйынтыгында автобустун ичиндеги 13 адамдын бири да тирүү калган жок. Дагы экөө дайынсыз жоголду. 

Окуя 28-октябрда болгон. Өз аялдамасынан түшүүгө үлгүрбөй калган аял айдоочудан автобусту токтотууну өтүнгөн. Унаа дал ушул учурда дарыянын үстүндөгү көпүрөдөн өтүп бараткандыктан, айдоочу токтогон эмес. Жини келген жүргүнчү айдоочуга жаман сөздөрдү айтып, ал тургай чаап жиберген.

Интернетте кырсыктын тасмасы пайда болду. Анда айдоочу өзүн коргоо максатында уруш чыгарган аялды чапканга аракет кылганы көрүнөт. Буга алаксыган ал рулду кое берип, жолду карабай калган. Жыйынтыгында, айдоочу унааны башкара албай калып, унаа каршы тилкеге чыкты. Ал жактан машинага урунуп, чекти сүзүп, анан сууга кулап кеткен.  

Кырсык болгон жерге ондогон полиция кызматкерлери, куткаруучулар, ыктыярчылар жана суучулдар келди. Автобусту 70 метр тереңдикте жаткан жеринен көтөрүп чыгарышты. 

Полицияга айдоочунун бир нече күндөн бери спирт ичимдигин ичпегени жана психикалык жактан соо экени белгилүү болду. Автобустун дагы техникалык абалы жакшы болуп чыкты.