01.02.2019 11:12

Кытайдан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан чөнтөк телефондор аныкталды

Кытайдан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан чөнтөк телефондор аныкталды

Кытайдан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан чөнтөк телефондор аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. 

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Оперативдүү бажынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районуна караштуу Фурхат айлында Кыргыз Республикасынын жараны Д.М.К. башкаруусундагы  «Мерседес-Бенц спринтер 313» үлгүсундөгү автоунаа токтотулуп текшерүүгө алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда декларацияланбаган Кытай Эл Республикасында өндүрүлгөн 735 даана чөнтөк телефондор табылган.

Кармалган товардын орточо базар баасы 797 000 сомду түзөт.

Бул факт боюнча чогултулган материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.