25.01.2019 13:46

Кытайга аткезчилик жол менен алынып бараткан 11 тонна эшектин териси аныкталды

Кытайга аткезчилик жол менен алынып бараткан 11 тонна эшектин териси аныкталды

Чек арачылар Кытайга аткезчилик жол менен алынып бараткан 11 тонна эшектин терисин аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, шылуундар эшектин терилерин ондатр териси катары жазып, коңшу мамлекетке өткөрүп кетүүгө  аракеттенишкен. 

«22-январда чек ара кызматкерлери тарабынан Нарын облусундагы «Торугарт» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында Кытайга бара жаткан «МАN» маркасындагы автоунаанын жүк салынган бөлүгүн текшерүү учурунда ондатрдын терилери салынган мүшөктөрдүн алдына жашырылган эшек териси табылган. Алардын жалпы салмагы 11 тоннаны түзөт. Аталган товар ондатр терилери катары декларацияланган. Бул боюнча тергөө иштери Нарын облустук Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына берилди», - деп айтылат маалыматта.