06.06.2018 15:43

Кытайга канча карызыбыз бар?

Кытай Кыргызстандан алчу аласасына карата адилеттүү мамиле кылабы? Бул суроо Бишкек жылуулук электр борборунда чыккан авариядан соң улам, актуалдуу мүнөзгө ээ болууда.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын Кытайга болгон карызынан жумшак кутулушу үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт экен. Бирок, карыздын көлөмү да олчойгон акча: 1 млрд 700млн долларды түзөт. Бул мамлекеттин тышкы карызынын 43 пайызына барабар. Кыргызстан кошунасынан кайсы жылдан тарта насыя ала баштаган жана каражатты кайсы тармактарга жумшаганы төмөнкү инфографикабызда.