25.02.2019 15:10

Кытайга күйөөгө чыгып, запкы жеген өзбекстандык кыз элчиликтин жардамы менен өз мекенине келди

Кытайга күйөөгө чыгып, запкы жеген өзбекстандык кыз элчиликтин жардамы менен өз мекенине келди

Кытай жаранына күйөөгө чыккан өзбекстандык кыз элчиликтин жардамы менен өз мекенине келди. Бул тууралуу centralasian.org жазып чыкты.

Кытай жаранына турмушка чыккан Саида аттуу Наманган тургуну күйөөсүнөн кордук көрүп жатканын айтып, коомчулуктан өз үйүнө кайтууга жардам сураган.

Кыздын айтымында, күйөөсү аны жуунуучу бөлмөгө камап коюп, кыз ал жакта бир жума жашоого аргасыз болгон.  Ал бөлмөдө эмерек аттуудан бир гана отургуч болгондуктан, ал бир жума убактысын отургучтун үстүндө өткөргөн. Саида ошондой эле күйөөсү ага сексуалдык зордук-зомбулук дагы көрсөткөнүн айткан. 

Кыздын айтымында, анын  кытай жаранына күйөөгө чыгышына үй-бүлөсүндөгү акча көйгөйү себеп болгон. Чет элдик күйөө табуу үчүн ал агенттиктин жардамын колдонгон. 

Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууга түшүп, Кытайдагы Өзбек элчилиги кызга жардам колун сунушту.  19-февралда Саида мекенине кайтып келди.