11.09.2019 12:13

Кытай-кыргыз чек арасы 3 күнгө жабылат

Кытай-кыргыз чек арасы 3 күнгө жабылат

Кытай 13-сентябрдан 16-сентябрга чейин Кыргызстан менен чек арасын жабат. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Убактылуу чектөөлөр Кытай тараптын демилгеси менен «Ай майрамын» майрамдоого байланыштуу киргизилди. Адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде чектелет жана 16-сентябрда калыбына келтирилет.