17.10.2018 14:32

Кытайлык блогер кыз гимнди тамашалуу мүнөздө аткарганы үчүн камакка алынды

Кытайлык блогер кыз гимнди тамашалуу мүнөздө аткарганы үчүн камакка алынды

Кытайлык белгилүү блогер кыз Ян Кайли түз эфир учурунда улуттук гимнди тамашалуу мүнөздө аткарганы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу «Би-би-си» маалымдады. 

20 жаштагы кытайлык кыз Huya стриминг сервисинде түз эфирге чыккан, ал жерде кыздын бир нече миллион катталуучусу болгон. Гимн учурунда Кайли түз турбай, колдорун ары-бери күүлөп ырдаган. Муну көрүп калган полиция кызматкерлери кызды 5 суткага камап салышты. Шанхай тартип сакчыларынын айтымында, Кайли Кытайдын мамлекеттик гимни тууралуу мыйзамды бузган. 

«Мамлекеттик гимн өлкөнүн символу болуп эсептелет, бардык жарандар аны сыйлап, урматташы керек. Стриминг платформалары мыйзамдан өйдө эмес — бардык эрежелер жана моралдык нормалар ал жакта да сакталышы керек», — деп эскертишти мекемеден. 

Блогер кабылган окуя Huya өкүлдөрүнүн да көз жаздымында калган жок. Алар талаштуу роликти өчүрүп, Кайлинин каналын жаап салышты. 

Окуядан көп өтпөй блогер күйөрмандарынын алдында кечирим сурады. Ал  «акылсыз жоругу» үчүн уялып жатканын билдирди. Кыз гимнди «ыйык» деп атап, мындан ары түз эфир жасабай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кытайда 2017-жылы күчүнө кирген мыйзамга ылайык, гимнди сый-урмат менен аткарбагандар 15 суткага чейин камалат.