18.01.2019 18:34

Кытайлык жетекчи кызматкерлерин көчөдө тизелеп басууга мажбурлады

Кытайлык жетекчи кызматкерлерин көчөдө тизелеп басууга мажбурлады

Кытайлык жетекчи кызматкерлерин көчөдө тизелеп басууга мажбурлады. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазып чыкты.   

Социалдык тармактарда таң калычтуу тасма тарады: Кытайдын Тэнчжоу шаарынын көчөсүндө костюм кийген кыздар тизелеп басып, алардын алдында желек көтөргөн эркек киши кетип баратты. Сырттан караганда бул театр оюнуна окшогону менен, чындык андан да катаал болуп чыкты. 

Жерине келген полиция кызматкерлери бул окуяга кызыктай түшүндүрмө алышты. Көрсө, бул аялдар косметика саткан компаниянын кызматкерлери экен. Алар өткөн жылдын сатуу планын толтура албай калышкан.  

Желек көтөргөн киши тартип сакчыларына, болуп жаткан нерсе - мотивация берүүчү тренинг экенин билдирген. Мындай жол менен жетекчи кызматкерлерин жакшылап иштөөгө үндөгүсү келген. 

Полицияны мындай түшүндүрмө ынандырган жок, мындан улам, тренингди токтотууга туура келди. Жетекчиге өз кызматкерлерин басмырлаганы үчүн оозеки эскертүү берилди, эгер дагы бир жолу бул жоругун кайталаса, ири өлчөмдө айып пулга жыгылат.

Кытайда өз кызматкерлерин басмырлоо, же денесине залал келтирүү менен жазалоого мыйзам аркылуу тыюу салынган. Буга карабастан, кытай компаниялары жетекчилеринин кол алдындагыларына орой мамиле кылышы менен атактуу.

Мисалы, 2018-жылы сулуулук салонунун биринде жаңы жылга карата планды аткарбаганы үчүн кызматкерлерди өздөрүн 100 жолу бетке чабууга, чийки ачуу калемпир жегенге жана 10 чакырымга чуркоого аргасыз кылышкан. Ошол эле жылы ноябрда планды аткарбаганы үчүн үйлөрдү оңдоо жана дизайн менен алектенүүчү фирма башчысы кызматкерлерин кур менен сабап, курт-кумурскаларды жегенге мажбурлаган.