22.01.2020 11:53

Кытайдагы кооптуу дарттан Кыргызстан дагы коргоно баштады

Кыргызстан Кытайда тарап жаткан жаңы вируска каршы туруу боюнча аракеттерди баштады.

Атайын жабдыктын жардамы менен ак халатчандар дене табы жогору же кандайдыр бир жугуштуу дартты алып жүргөн адамды алыстан эле аныктап турушат.

Алсак, «Манас» аэропортунда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери Үрүмчүдөн учуп келгендерди текшере башташты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Алия Курбанова кабарлады.

Курбанованын айтымында, Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча учак күн сайын каттап турат. Каттамдарды кытайлык авиакомпания жүргүзөт.

Кытайда Жаңы жыл майрамы белгиленип жатканына байланыштуу 23-январдан 1-февралга чейин каттамдар убактылуу токтойт.

Соңку эки суткада Кытайда коронавирусту жуктуруп алган 139 адам катталды. Алардын көбү Ухань шаарында. Бүгүн 22-январда ооругандар АКШда да катталды.

Вируска кабылгандардын жалпы саны 200гө чамалады. Төрт адам каза болду.