30.01.2019 11:25

Кызды опузалап, 20 миң сом алып жаткан жеринен милиция кызматкери кармалды

Кызды опузалап, 20 миң сом алып жаткан жеринен милиция кызматкери кармалды

Опузалоо жолу менен 20 миң сом алып жаткан жеринен милиция кызматкери кармалды. Бул туурасында ИИМ маалымат кызматынан билдиришти.

2019-жылдын 28-январь күнү Ж.Н. аттуу кыз Ички иликтөө кызматына кайрылып, Каныбек аттуу милиция кызматкерине чара көрүп берүүнү суранган. Анын айтымында, милиционер жабырлануучу катышкан видеону интернетке жайылтам деп коркутуу жолу менен опузалап, 20 миң сом акча каражатын талап кылган.

Аталган арыз КР Башкы прокуратурасынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (акча талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки иликтөөнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

2019-жылдын 29-январь күнү болжол менен саат 23:15 чамасында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда жайгашкан №35 үйдүн жанынан жабырлануучудан талап кылган акчаны накталай алып жаткан жеринен Ы. уулу К. кармалган.

Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда күрмөсүнүн ички чөнтөгүнөн Майлуу-Суу ШИИБдин Убактылуу кармоочу жайынын кызматкери, милициянын сержанты Ы. уулу К. аттууга таандык кызматтык күбөлүк табылган.

Териштирүү учурунда аныкталгандай, аталган кызматкер 2018-жылдын башында терс мотив менен
ички иштер органдарынан кетирилгени маалым болгон. Кармалган адам Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тергөө амалдарын, ал эми ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөөнү жүргүзүп жатышат.