10.08.2018 11:09

Кызыл-Суу дарыясына түшүп кеткен аял чыгарылды

Кызыл-Суу дарыясына түшүп кеткен аял чыгарылды

Куткаруучулар Кызыл-Суу дарыясынын ортосунда калган 52 жаштагы жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Окуя кечээ, 2018-жылдын  9-август күнү саат 16:32де  Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында болгон. Шаардагы Ак-Суу дарыясына 1966-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран түшүп кеткен.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин 6 куткаруучусу барып, дарыянын ортосунда турган аялды алып чыгарышкан. Биринчи тез жардам көрсөтүлгөндөй кийин, ал  туугандарына өткөрүпүп берилди. Абалы канааттандыраарлык.