Кызматкерлери вирус жуктурган №17 үй-бүлөлүк медицина борбору иштей баштады

Кызматкерлери вирус жуктурган №17 үй-бүлөлүк медицина борбору иштей баштады

Бишкек шаарындагы №17 үй-бүлөлүк медицина борбору штаттык режимде иштеп баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, медициналык мекемеде дезинфекциялоо иштери жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, алгач №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун төрт кызматкеринен коронавирус табылып,  17-апрелде дезинфекция иштерине жабылган. Андан соң дагы үч медиктен илдет аныкталган. Илдетке кабылгандардын арасынан бирөөнүн абалы оор экени маалымдалган.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 11 киши көз жумду. Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 843 кишиге жетти. Республика боюнча  жалпы 600 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал киргизилген.