04.11.2019 09:44

Клара Сооронкулова: Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын корутундусунда конкретика жок

Клара Сооронкулова: Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын корутундусунда конкретика жок

7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия өз ишин аяктады. Клара Сооронкулова 24.kg агенттигине корутундуга эмне себептен каршы добуш бергенин айтып берди. 

Анын билдирүүсүндө, комиссиянын корутундусу абдан бүдөмүк. Корутундунун өзүндө конкреттүүлүк жок жана анда атайын операцияны үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн УКМК менен ИИМдин жетекчилеринин жоопкерчилиги жазылган эмес.

«УКМК менен ИИМдин жетекчилеринин кызматтан кетиши боюнча Жогорку Кеңешке так сунуш жок. Мындан улам каршы добуш бердим. Корутундуга жөн гана хронология жазылды, бирок укуктуу баа берилген жок», — деди Клара Сооронкулова.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.