27.04.2018 16:22

Клара Сооронкулова: Моралдык жактан алганда Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшырганы туура болмок

Клара Сооронкулова: Моралдык жактан алганда Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшырганы туура болмок

“Мени мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин сөздөрү кооптондурат.  Ал ар дайым, Жээнбеков досу экенин, аны 30 жылга жакын убакыттан бери билерин айтып келет. Абдан жакшы билгендиктен, бир тууганы Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын  тапшырышы керек деп айтып жатат болуш керек". Мындай оюн  юрист Клара Сооронкулова "Говорим” ток-шоусунда журналист Махинур Ниязованын  суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

"Бул жерде ал баарын билип, түшүнүп жана бизди сак болууга чакырып жатат. Учурдагы  президенттин айланасында түзүлүшү мүмкүн болгон кырдаалдан сак болууга чакырып жатат. “Вазир жакшы- хан жакшы” демекчи, президенттин кандай болушу анын айлана-чөйрөсүнөн көз каранды. Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн жан-жөөкөрү болот. Балким, жаңы түзүлүп жатат, а балким, эмдигиче бардыр. Анын бир тууганы президенттин чөйрөсүн түзүү ишинде албетте, акыркы ролду ойнобойт", -деди Сооронкулова. 

Клара Сооронкулова мурунку президенттин айтканын түшүнүү менен кабыл алганын айтып, моралдык жактан алганда Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшырышы туура болмок деген оюн билдирди.  

"Ошондо бир иниси -аткаруучу бийликте,  дагы бири-мыйзам чыгаруучу бийликте, өзү- мамлекет башчысы деген сөздөр чыкмак эмес. Бир нече жыл мурун кыргыз  тилдүү гезиттердин биринде премьер-министр Жээнбековдун туугандары кайда жана кандай кызматтарда отурганын жазып чыгышкан. Бул, албетте, сигнал. Мунун кооптонуу жаратышы- мыйзам ченемдүү нерсе", -дейт юрист.