28.01.2020 11:08

Классташтардын чыры. Жарадар болгон жаран ооруканадан үзүлдү

Классташтардын чыры. Жарадар болгон жаран ооруканадан үзүлдү

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда эки классташтын урушу өлүм менен аяктады. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги ооруканалардын бирине денесинен жаракат алган жарандын келип түшкөнү кабарланган.

«Көп өтпөй ооруканага түшкөн жаран эсине келбей каза болду. Кылмышка шектүү катары маркумдун классташы 33 жаштагы К.У. кармалды,» — деп билдиришти башкармалыктан.

Ал 34 жаштагы И.А. болуп чыкты. Алдын ала билдирүүгө ылайык, Маевка айылында эки кишинин ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруша кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.