КМШ алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 25-январында кабыл алынган.
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо тууралуу макулдашуу КМШ органдарына бул уюмга мүчө мамлекеттерине берилүүчү жашыруун маалыматты сактоо чөйрөсүндөгү укуктарды, милдеттерди жана жоопкерчиликтерди бекитүүгө багытталган.
Макулдашууда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарынын алкагында кызматташуунун жүрүшүндө колдонулуучу маалыматтын жашыруундук даражасы, жашыруун маалыматты сактоо жана аны берүү чаралары аныкталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: