05.11.2019 10:51

КМШ өлкөлөрүндө жашынып жүргөн кыргызстандык жалданма террорист кармалды

КМШ өлкөлөрүндө жашынып жүргөн кыргызстандык жалданма террорист кармалды

Жалал-Абад облусунун 24 жаштагы тургуну терроризмге шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

Ал жаран буга чейин «Жалданмачылык» беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Маалыматка ылайык, шектүү 2015-жылы Сирияга кетип ал жактан атайын даярдыктан өтүп, террористтик уюмдарга мүчө болуп, Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан. Атайын кызмат ал КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн деп маалымдайт.

Учурда кармалган жаран Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.