21.12.2018 11:31

Кочкор районунда 3 унаа кагышып, 5 адам жаракат алды

Кочкор районунда 3 унаа кагышып, 5 адам жаракат алды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 190-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) 3 унаа кагышып, 5 адам жаракат  алды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Нарын облусунун Кочкор районунда 2018-жылдын 20-декабрында 8:54тө болгон. Анда «ХОВО», «Хонда-СРВ» жана «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 5 адам (4 эркек,1 аял) ар кандай жеңил жаракаттарды алган.

КР ӨКМнин  №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркаган адамдарга медициналык биринчи жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.