15.08.2018 11:19

Кочкор—Бишкек—Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 2 адам каза тапты

Кочкор—Бишкек—Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 2 адам каза тапты

Кочкор—Бишкек—Торугарт автожолунда жол кырсыгы болуп, 2 адам каза тапты. Кырсык бүгүн, 15-августта 05:00дө болгон. Бул туурасында April.kg порталына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүне инспектору Калыс Өмүрзаков билдирди.

Аталган унаа жолдун 246-чакырымында Кочкор районунун аймагында бара жаткан комбайнды «Ауди» үлгүсүндөгү унаа артынан сүзгөн.  Жолдон өтүп бараткан «Фольксваген Пассат» унаасынын ичиндегилер жабыркаган адамдарга жардам берүү үчүн токтошкон.  Алар «Аудидеги» жүргүнчүлөрдү чыгарып жаткан маалда «Мерседес Вито» унаасы келип, аларды сүзүп, андан өтүп «Аудини»  сүзгөн.

Жыйынтыгында, бир эркек киши менен бир аял каза тапкан, эки адам жаракаттар менен Кочкор райондук ооруканага жеткирилген. Алардын бири жашы жете элек бала экени айтылат. Каза тапкандардын бири «Аудинин» жүргүнчүсү, экинчиси жардамдашуу үчүн түшкөн «Фольксваген Пассат» унаасынын айдоочусу.

 Окуя болгон жерде ЖКККБнын кызматкерлери иш алып барууда.