29.07.2019 16:11, Аман Бакиров

Кочкордогу Сапар Исаковду колдоо митинги. Бийликтин иш-чарага бут тосуу аракети

Кочкордогу Сапар Исаковду колдоо митинги. Бийликтин иш-чарага бут тосуу аракети

Кочкордо Сапар Исаковду колдогон тынч митингде электр энергиясы өчүрүлгөнүнө байланыштуу генератор колдонулуп жатат. Бул туурасында April.kg кабарчысы Аман Бакиров билдирди.

Анын айтымында, иш-чара өтүп жаткан маданий комплекстин маңдайында күндүзгү маал экенине карабай, жолго илинген асма шамдар күйүп турат. Бирок, комплекстин өзүндөгү микрофон туташтырууга керек болгон түйүндөрдө электр энергиясы жок.

«Тынчтык митинги өтөөрү тууралуу жергиликтүү бийликке алдын-ала кабар берилип, уруксаат алынган менен уюштуруучулар микрофондорду  иштетүүдө генератор колдонууга аргасыз. Чогулгандар муну бийликтин митинг өткөрүүгө бут тосуу аракети катары баалап жатышат», -деп билдирди кабарчы.