19.02.2019 18:42

Колу-бутун сындырып, тиштерин аттиш менен суурушкан: оор кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Колу-бутун сындырып, тиштерин аттиш менен суурушкан: оор кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Адам уурдоого жана сабоого шектелип издөөдө жүргөн Чүй облусунун жашоочусу кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Ал топтошуп алып ур-токмокко алуу аркылуу саламаттыкка атайылап оор залал келтирүүгө шектелип, мамлекет аралык издөөдө жүргөн. Резонанстуу кылмыш ишин иликтөөгө төрт жыл кеткен.

«2015-жылдын аягында Кочкор районунун айылдарынын биринен белгисиз адамдар 36 жаштагы жергиликтүү тургундун саламаттыгына оор залал келтиришип, атайылап сабашкан. Кылмышкерлер жабырлануучуну үйүнөн сыртка чакырышып, автоунаага салышып,  айылдын четиндеги мүрзө тарапка алып барышып, катуу ур-токмокко алышкан. Кылмышкерлер ар кандай жол менен кордошуп, денесине оор залал келтирип, темир буюм менен уруп буту-колун сындырышып, тиштерин аттиш менен суурушкан», -деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу алган көптөгөн жараттары менен аймактык медициналык мекемеге жаткырылган. Жогорудагы факты боюнча Кочкор РИИБи 2016-жылдын январь айынын башында кылмыш ишин козгоп, кылмышка тиешеси бар эки жаран кармалып, алар узак убакытка эркинен ажыратылган. Ал эми бирөөсү изин жашырып кетүүгө үлгүргөн.

Мындан улам, Чүй облусунун Токмок шаарынын 1989-жылы туулган А.А. аттуу жашоочусуна 2016-жылдын апрель айында эл аралык издөө жарыяланган. 

«Ал  уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Жакында, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө издөөдө жүргөн А.А. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш ишине тиешеси бардыгы иликтенип жатат. Сотко чейинки иликтөө уланууда», -дешет мекемеден.