28.04.2020 12:51

Комендант: Өзгөчө абал киргизилгени коомдук жайларда кылмыштуулук 300%га төмөндөдү

Комендант: Өзгөчө абал киргизилгени коомдук жайларда кылмыштуулук 300%га төмөндөдү

Бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп жатып, кылмыштуулук кескин азайганын белгиледи. Айтымында велосипед жана бешик арабаларды уурдоо учурлары көбөйгөн, жалпысынан кылмыш жолуна баргандардын саны бир топ азайган.

“Өзгөчө абал режими киргизилгенден баштап 25-марттан бүгүнкү күнгө чейин коомдук жайларда кылмыштуулук 300%га төмөндөдү. Бул мыйзамга баш ийген жарандар өзүн-өзү изоляцияга алуу режиминде болгондугуна байланыштуу, биз коомдук жайларда дээрлик кылмыштарды каттаган жокпуз”, - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты А.Орозалиев.

Мындан сырткары, гуманитардык фонддордун атын жамынып, гумжардам көрсөтүүдө алдымчылык учурлары катталды.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.