27.03.2020 10:16

Коменданттык саатты бузган канча адам кармалды

Коменданттык саатты бузган канча адам кармалды

Түндө коменданттык саатты буган 146 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

“26-мартта саат 20:00дөн 27-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 146 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 13 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран”, - Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.