27.03.2020 10:52

Коменданттык саатты бузгандарга каршы курал колдонулду

Коменданттык саатты бузгандарга каршы курал колдонулду

Коменданттык саат учурунда 26-мартта 20:30да Л.Толстой-Б.Алыкулов көчөсүндөгү блок постто “Тойота-Виндом” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу милиция кызматкерлерине баш ийбей качып кетип, ал Дэн Сяопин-П.Лумумба көчөсүнөн токтотулган”, - деп билдирди Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты А.Орозалиев.

Анын айтымында, азиат келбетиндеги 25-30 жаштагы эки эркек жаран мас абалында милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүштү. Буга байланыштуу, милиционерлер табелдик курал колдонуп, абага бир нече жолу ок чыгарышкан. Тартип бузуучулар кармалып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.