27.02.2019 09:58

Кондуктор болуп иштеген кыргызстандык жигит россиялык ишкерди таң калтырды

Кондуктор болуп иштеген кыргызстандык жигит россиялык ишкерди таң калтырды

Красноярск шаарынын тургуну, ишкер Олеся Ушакова социалдык тармактагы өз баракчасында №85 автобустук каттамда иштеген Амир аттуу кондуктор жигиттин окуясын айтып берди. 

Кыз автобуста баратып, кыргыз кондукторду мазактоону чечип, ага англис тилинде сүйлөп баштаган. «Мен көптөн бери биринчи жолу автобуска түшүп, Искусство академиясынан Куурчак театрына чейин бараткам. Жолдо атайылап, кондукторду тамашалоо максатында англис тилинде сүйлөп баштадым. Ал мага камырабай туруп «Ой, кечиресиз, орусча эле билем» деп айтат деп күткөм», – деп  баштаган окуянын башын ишкер айым. 

Бирок, автордун айтымында, кондуктор ага жакшы англис тилинде жооп берип, маекти андан ары улантып, акырында өзү жөнүндө айтып берген. .

«Мага жигит англис тилинде абдан жакшы деңгээлде жооп бергенде таң калуума чек жок эле. Биз аялдамага чейин сүйлөшүп бардык. Ал дагы англис тилинде пикир алмашканына сүйүнүп калды», – деп жазган Олеся Ушакова Facebook тармагындагы баракчасына.

Кыз бул кездешүү анын маанайын көтөргөнүн жазып, адамдын кайда иштей турганы эмес, адам өзү маанилүү экени туурасында ойлонууга түрткөнүн билдирет. Олеся ошондой эле, аткаминерлерди жаш кондукторго көңүл бөлүүгө чакырган. «Автобустун номерин, жигиттин атын сактап калдым. Премия, же жөн гана жакшы сөз, диплом, төш белги, футболка -ага бир нерсе уюштуруп берип койгулачы. Бул сонун эмеспи! Ал чыныгы, жайдары адам экен. Мындайды колдош керек. Мындай кондуктор болуу уят эмес, көптөрү үчүн үлгү боло алчудай!», -дейт Олеся.

Амир 3 жылдан бери кондуктор болуп иштейт, бош убактысында Россияны кыдырат. Ошондой эле, кыздын айтымында, ал бир канча убакыт Стамбулда окуган.

Орусиялык ЖМКларга берген маегинде Амир чындап эле Кыргызстанда төрөлүп, өскөнүн айткан. Анын толук аты -жөнү Шохрук Илхамжан уулу.  Ал Жалал-Абад облусунда төрөлүп, 2004-жылы №3 Роишидбек Алибаев атындагы мектепке биринчи класска барган.  

«Чынын айтсам, мен университетте окуган эмесмин. Анткен менен Россиянын жарымын көрүп чыктым. Кавказды кыдырдым. Жада калса, Азербайжанда да болдум. Красноярскта иштеп жатканыма 3 жыл болду. №85 каттамда иштейм. Англис тилин атайылап окуган эмесмин, болгону мектепте жакшы укчумун. Бул жерде англис тили туристтер менен иштешүүдө жардам берет. Азербайжанда болсо, тил билгеним мени сактап калды десем болот, ал жактагылар менен англис тилинде гана сүйлөшүп жаттым», – деп айтып берген Амир орусиялык ЖМКларга.