08.07.2019 17:59

Конгантиев боюнча шаардык соттун чечими Башкы прокуратурага түшө элек

Конгантиев боюнча шаардык соттун чечими Башкы прокуратурага түшө элек

Башкы прокуратура Молдомуса Конгантиевге карата чыккан чечимге байланыштуу шаардык сотко кайрыла элек. Бул тууралуу бүгүн 8-июлда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Анын айтымында, апелляциялык арыз берилеби же жокпу, соттун чечими колго тийгенден кийин белгилүү болот. «Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө чечим бизге берилгенден кийин ал маселе каралат. Азыркы учурда чечим келип түшө элек», - дешти мекемеден.

5-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актаган. 

Эскерте кетсек, ага 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Прокуратура Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айып салууну суранган.

Анын 2010-жылдагы окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.