23.11.2018 11:19

«Конор Макгрегор» жумушсуз калбайт. Ал экзаменди ийгиликтүү тапшырды

«Конор Макгрегор»  жумушсуз калбайт.  Ал экзаменди ийгиликтүү тапшырды

Конор Макгрегордун басканын туураган электр куроочу Техникалык коопсуздук эрежелери боюнча кезексиз текшерүүдөн ийгиликтүү өттү. Бул туурасында «Түндүкэлектр» ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ноябрь айында социалдык тармактарда «Түндүкэлектр»  ААК электр куроочусунун ММА мушкери Конор Макгрегордун басканын туураган видеосу кызуу талкууга алынган.

Видеодо ал куроочулардын лазысын кийип алып, электр чубалгынын тирөөчүнө мушкердин басканын туурап чыккан. Аны менен бирге энергетик техникалык коопсуздук эрежелерин бузган: куроочунун сактоочу курун илбей жана касканын ээкке тагынуучу коргоо боосун бекитпей, аба чубалгынын тирөөчүнүн мамычасына көтөрүлгөн. Мындай техникалык коопсуздук эрежелерин тоготпогондук окуянын кайгылуу аякташына алып келиши мүмкүн болчу.

Эске салсак, «Түндүкэлектр» ААК техникалык коопсуздук эрежелерин бузган Батыш райондук электр тармактарынын электр куроочусу Адилет Асанбековго тартип жазасын колдонуп жана акционердик коомдун борбордук комиссиясынан Электр жабдууларын иштетүүдөгү техникалык коопсуздук эрежелери боюнча билимин текшерүүдөн кезексиз өтүүсүн талап кылган.

Бейшемби күнү, 22-ноябрда, Адилет «Түндүкэлектр» ААКнын борбордук комиссиясынан техникалык коопсуздук эрежелери боюнча компьютердик тесттен жана оозеки текшерүүдөн ийгиликтүү өттү.