26.02.2019 13:49

"Коопсуз шаар" боюнча айдоочуларга айып пул жөнүндөгү каттар жөнөтүлбөйт деген чынбы?

"Коопсуз шаар" боюнча айдоочуларга айып пул жөнүндөгү каттар жөнөтүлбөйт деген чынбы?

Иштегенине эки жума болуп калган “Коопсуз шаардын” камералары миңдеген эреже бузууларды каттоого жетишти. Бирок, алар боюнча азырынча бир да айдоочу айып төлөй элек. Интернетте "жол коопсуздук кызматы каттарды жөнөтпөйт экен, айып пул төлөбөй койсо болот экен" деген маалымат да тарап кетти. Биз бул билдирүүлөрдүн чынын-калпын тактап көрүүнү чечтик.