01.05.2020 09:48

Үй карантинин бузган 36 адам жоопкерчиликке тартылды. Арасында айып пулга жыгылгандар бар

Үй карантинин бузган 36 адам жоопкерчиликке тартылды. Арасында айып пулга жыгылгандар бар

Үй карантинин бузгандыгы үчүн 36 адам жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Штабдын мүчөлөрү үй карантининдеги жарандардын бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоолору боюнча жагдайды талкуулашты.

«Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси боюнча 8 жаран, 281-беренеси боюнча 1 жаран жоопкерчиликке тартылды. Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесинин 1-эскертүүсүнө ылайык 6 адам жоопко тартылууда, алар боюнча материалдар сотко жөнөтүлгөн. Бузуулар жөнүндө кодекстин 293-беренесине ылайык 21 адам жоопкерчиликке тартылган, аларга 3 миң сомдон айыппул салынды. Жыйынтыгында жалпысынан үй карантинин бузгандыгы үчүн 36 адам жоопко тартылды», - деди министрдин орун басары.

Инфекция чыккан жерлерде мобилдик бригадалардын ишинин жүрүшү талкууланды. Жалпы 107 миңден ашуун үй, 560 миңден ашык жаран текшерүүдөн өткөн. Өзгөчө көңүл бура турган экинчи зона чек арадан жер жана аба транспорту аркылуу өткөн жарандар экени айтылды.  Көзөмөл-өткөрмө пункттар тыштан инфекцияны алып келген учурларга жол бербөө үчүн текшерүүлөрдү тыкыр жүргүзүүгө тийиш экени белгиленди.

Кыргызстанда 30-апрелге карата 746 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен 462 адам сакайып чыкты. Сегиз адам акка моюн сунган.

23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал күчүндө кала берет.