Ысык-Көлдүн тургуну үй карантиндин шартын аткарбай, милдеттүү обсервацияга жаткырылды

Ысык-Көлдүн тургуну үй карантиндин шартын аткарбай, милдеттүү обсервацияга жаткырылды

Талды-Суу айылынын тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн обсервацияга алынды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб билдирет.

Маалыматка караганда, 1985 ж.т. Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн облустук бириккен ооруканасынын обсервациясына алынган.

“Аталган жаран COVID-19 илдети аныкталган чет мамлекеттен келген жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен контактта болуп 7-майда үй карантинине жиберилген, бирок майдын 17 жана 18 де үй карантининин эрежелерин бузгандыгы аныкталган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда облус боюнча 1 миң 803 адам үй шартындагы карантинде жана 141 адам обсервацияда.

Жалпысынан республика боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 1243 кишиге жетти. Ичинен 898 бейтап ооруканадан чыгарылган.