«Коопсуз шаар» боюнча кайрадан онлайн аукцион өтөт
Бүгүн, 4-сентябрда Бишкекте «Коопсуз шаар» боюнча кайрадан онлайн аукцион өтөт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 23-августунда өткөрүлгөн онлайн тоорук учурунда мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасы жеңүүчүнү аныктай алган эмес. Анда техникалык катачылыктар кеткени айтылган.
Маалым болгондой, конкурска катышууга 3 компания арыз берген — эки жергиликтүү, бир россиялык. Аукциондун жыйынтыгында бир гана «Мега-Лайн» компаниясынын сунуштаган баасы көрсөтүлүп, ал 50,5 миллиард сомду түзгөн. Аукциондогу баштапкы баа болсо, 2,5 млрд сом деп аныкталган. Кызматты көрсөтүүгө кайсы компания эң аз акча сунуштаса, ошол компания жеңип чыкмак.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: