11.02.2019 13:04

«Коопсуз шаар» долбоору. Камералар кайсы эреже бузууларды каттайт?

«Коопсуз шаар» долбоору. Камералар кайсы эреже бузууларды каттайт?

Бишкекте 12-февралдан баштап, «Коопсуз шаар»  долбоору иштеп, борбор калаанын он көчөсүнүн кесилишине орнотулган жабдуулар эреже бузгандарды каттоого ала баштайт. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Мониторинг борбору «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет, алар андан соң «Кыргызпочтасы» ишканасы аркылуу унаа ээлеринин катталган дарегине жеткирилет.

«100» кыска номери боюнча тиешелүү маалыматты алуу үчүн бирдиктүү колл-борбор ишке киргизилет. Тийиштүү маалымдама маалыматтар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтынын «Коопсуз шаар» бөлүмүндө жеткиликтүү болот.

Камералар Бишкектеги көчөлөрдүн 10 кесилишине жана аймактардагы 17 жерге коюлду. Алар эреже бузуунун 7 түрүн каттоого алат:

Кызыл жарыктан өтүп кеткендерди;

Каршы тилкеге чыккандарды;

Тротуарга, веложолго, газонго жана киши баса турчу жолго чыгып кеткендерди;

Жол чырактын алдындагы токтоочу сызыктан (стоп-линия) өтүп кеткендерди;

Киши өтүүчү чийинге токтоп алгандарды;

Ылдамдыкты жогорулаткандарды;

Аялдама жана машина токтотуучу жайдагы тартипти бузгандарды;

Жол эрежесин бузгандарды каттоого ала турчу камералар жолдун жээгине орнотулду.