29.07.2019 12:08

«Коопсуз шаардан» 175 млн. сом түштү. «Тез жардам» унааларын алууга канча акча бөлүнөт?

«Коопсуз шаардан» 175 млн. сом түштү.  «Тез жардам»  унааларын алууга канча акча бөлүнөт?

«Тез жардам» кызматына унааларды сатып алууга 35 млн сомдон ашуун бөлүү каралууда. Бул туурасында өкмөт аппаратынан билдиришти. 

Буга чейин Өкмөт «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айып пулдардын бөлүгүн тез медициналык  жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшоо чечимин кабыл алган. 

«Бүгүнкү күнү жол кыймылынын эрежелерин бузуулар боюнча айыптардан 175 млн сом жыйналган. Бул каражаттардын бир бөлүгү кызмат көрсөтүүчүгө жол инфратүзүмүн, почта кызматтарды жакшыртууга, жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдарды жыйноону башкарууну жакшыртууга берилет. Көрсөтүлгөн каражаттардын бир бөлүгү – 35 млн сомдон ашуун тез жардам унааларын сатып алууга бөлүнөт», -деп айтылат маалыматта.

Күтүлүп жаткандай, 2019-жылдын аягына чейин жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдарды жыйноо темпи ушул деңгээлде сакталса, тез медициналык жардам кызматынын унааларын сатып алууга 70 млн сомдон ашуун бөлүнмөкчү.