24.01.2019 18:09

Коопсуздук кызматы чагымчыл мүнөздөгү видео роликти тараткан жигиттин өздүгүн аныктады

Коопсуздук кызматы чагымчыл мүнөздөгү видео роликти тараткан жигиттин өздүгүн аныктады

Чагымчыл мүнөздөгү видео роликти тараткан жигиттин өздүгү аныкталды. Ал учурда Орусияда жашап жаткан кыргыз жараны болуп чыкты. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

«Улут аралык кастыкты козутуу максатында Өзбекстанда тартылган тасманы тараткан адамдын өздүгү аныкталды. Ал 1992-жылы Жалал-Абад облусунда туулган КР жараны Эдил Орумбеков болуп чыкты. Учурда ал - Орусия аймагында.  Бул факт боюнча материалдар кылмыштардын жана жазалардын бирдиктүү реестрине катталды. Белгилей кетчү жагдай, анын бул жоругу КР Жазык кодексинин 313-беренесинде (улут, раса, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу) көрсөтүлгөн кылмыштарга туура келет.  Бул жарандын так дарегин билгенден кийин тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлөт», -дешет мекемеден.