Коронавирус: Өлкө түштүгүнө дагы дарыгерлер тобу жөнөтүлөт

Коронавирус: Өлкө түштүгүнө дагы дарыгерлер тобу жөнөтүлөт

Саламаттык сактоо министрлиги түштүктөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дарыгерлер тобун 1 айга жөнөтөт. Пульмонологдор, анестезиолог-реаниматологдор, жугуштуу оорулар боюнча жалпы 14-15 дарыгер барат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

«Кытайдын мисалында коронавирусту тартиптин жана аракеттердин аркасында жеңсе боло тургандыгын көрдүк. Сиздердин аракеттериңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдирем. Мен ишенем, биз бул илдетти жеңебиз», – дейт Чолпонбаев.

Кыргызстанда баардыгы болуп 42 пульмонолог, 267 эпидемиолог жана 644 реаниматолог бар экени маалымдалат.
Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84 адамга жетти.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.