Коронавирус: Бишкекте 67 жаштагы аял көз жумду

Коронавирус: Бишкекте 67 жаштагы аял көз жумду

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунун оор формасынан 67 жаштагы 1 аял каза болду. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

“Анда ошондой эле эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап порталдык гипертензиясы менен боордун циррозунан жана  эксудативдик плевриттен жабыр тарткан,” - деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 871 кишиге жетти. Республика боюнча  жалпы 614 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 12 киши көз жумду.

23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал калтырылган.

.