Коронавирус дагы 13 адамдан табылды. Айыккандар мындан көп

Коронавирус дагы 13 адамдан табылды. Айыккандар мындан көп

Бүгүн, 5-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

 

•Бишкек ш. – 8

•Нарын облусу - 5

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 843 кишиге жетти. Бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

• Бишкек ш. – 2

• Ош ш. – 18

• Ош облусу - 3

• Нарын облусу - 2

 

Республика боюнча  жалпы 600 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.