Коронавирус дагы 35 адамдан табылды. Көбү Бишкекте катталган

Коронавирус дагы 35 адамдан табылды. Көбү Бишкекте катталган

Бүгүн,4-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 35  учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

• Бишкек ш. – 26

• Чуй облусу - 2

• Нарын облусу – 1

• Жалал-Абад облусу - 5

• Баткен облусу – 1

Учурда бүткүл өлкө боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 830 кишиге жетти.

23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал киргизилген.