Коронавирус дагы 69 адамдан табылды. Жалпы саны 216 адамга жетти

Коронавирус дагы 69 адамдан табылды. Жалпы саны 216 адамга жетти

Бүгүн, 6-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 69 адам катталды. Жалпы -216 адамга жетти. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

“Жаңы катталгандын бардыгы обсервацияда болгон адамдардан аныкталды” – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин илдеттен эки адам каза тапкан. Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.