Коронавирус: Ысык-Көлдө айылдар арасында коомдук транспорттор жүрбөйт

Коронавирус: Ысык-Көлдө айылдар арасында коомдук транспорттор жүрбөйт

Ысык-Көл облусунун тургундары бүгүндөн баштап айылдан айылга каттай алышбайт. Бул тууралуу облустук штабдан билдиришти.

«Жергиликтүү бийликтин карылуусуна карабай, айрым тургундар башка айылдарга барышып, райондон районго каттоосун токтотпой жатат. Эми бүгүнкү күндөн тартып чектөө киргизилет. Бул кадамдар калктын саламаттыгына кам көрүү чарасы болуп эсептелет», — деди өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев.

Ошондой эле ар бир айылдын чыга беришинде посттор уюштурулуп, жергиликтүү бийлик, милиция жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп турушат.

Айылдарга, районго кирүү же чыгуу жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча15 жерге блокпосттор коюлду.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 42 жетти.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизилди.