Коронавирус: Ысык-Көлдө базарлар жабылып, кошумча посттор орнотулууда

Коронавирус: Ысык-Көлдө базарлар жабылып, кошумча посттор орнотулууда

Ысык-Көл облусунун кире беришине кошумча посттор орнотулат. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлашты.

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында, мындай чара аймакта жугуштуу илдет жайылып кетпеш үчүн көрүлүүдө.

“Көзөмөл постунда дарыгер, милиция жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери турушат. Балыкчы-Бишкек жана Балыкчы-Нарын жолдорунан өткөн адамдарды текшерип, коронавирустун белгиси бар адамдарды аныктап турмакчы. Мындан сырткары Каракол-Бишкек жана Балыкчы-Нарын каттамындагы таксилердин саны кыскартылды”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле облус аймагындагы азык-түлүк базарларынан башка базарлар убактылуу жабылды.

Дүйнөдө тарап жаткан коронавирус илдети Кыргызстандагы 12 адамда аныкталды. Буга байланыштуу вирустун белгилери табылган адамдар жашаган Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Учурда дүйнө боюнча COVID-19 вирусун 265 миңден ашык адам жугузуп алган. Алардын ичинен 11 миңден ашыгы каза болду. Ал эми 90 миң адам айыгып чыккан.