26.02.2020 14:06

Коронавирус: Кыргызстан дагы төрт өлкөдөн келгендерди милдеттүү медициналык текшерүүдөт өткөрөт

Коронавирус: Кыргызстан дагы төрт өлкөдөн келгендерди милдеттүү медициналык текшерүүдөт өткөрөт

Кулачын кенен жайып бараткан коронавируска байланыштуу Кыргызстан чек арадагы көзөмөлгө толуктоо киргизди. Тагыраагы, дагы төрт өлкөдөн келген жарандарды 14 күндүк карантинге алууну чечти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Алсак, Кытайдан сырткары, Түштүк Кореядан, Жапониядан, Ирандан жана Италиядан келгендер милдеттүү түрдө алгач медициналык текшерүүдөт өтүшөт.

«26-февралга карата Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жугузгандар катталган жок. 158 адам стационардык негизде, дагы 408 адам жашаган жеринде дарыгерлердин көзөмөлүндө турат», - деп билдирди министрлик.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 2 миң 760га жетти. Аны 80 миң 994 киши жуктурду. Японияда 170 киши илдетке чалдыкты.