16.03.2020 17:47

Коронавирус: Кыргызстанда көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлар убактылуу жабылат

Коронавирус: Кыргызстанда көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлар убактылуу жабылат

Түнкү клубдар, кинотеатрлар, компьютер залдары, соода борборлорундагы балдар үчүн оюн-зоок аянтчалары, тамактануучу жайлар 16-марттан тартып жабылат. Тиешелүү чечимди коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб чыгарды.

Бүгүн, 16-мартта кыргыз өкмөтүндө коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү. Анда жарандарга көп эл чогулган жерге барбоо, ата-энелерди балдарын үйдө кармоо сунушталды.

Жыйында өпкөнү сезгенткен вирусту жайылтпаш үчүн түнкү клубдарды, кинотеатрларды, компьютер залдарын, соода борборлорундагы балдар үчүн оюн-зоок аянтчаларын, тамактануучу жайларды жабуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Ал эми башка кызмат көрсөтүүчү, коомдук тамактануучу жайларда массалык иш-чараларды уюштурбоо, санитардык чараларды күчөтүү сунушталды.

16-мартка карата Кыргызстан аймагында коронавирус катталган учур жок. Учурда 341 адам карантинде кармалып турат.