Коронавирус: Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Коронавирус: Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Гуманитардык жардам 25-мартта «Торугарт» чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда өткөрүлүп берилди.

Аны Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды.

«Гуманитардык жардамды Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг мырза тапшырып, кыргыз элинин коронавирусту тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды», — дейт штаб.

Кытай тарап медицина кызматкерлерине 10 миң респиратордук бет кап, 100 миң бир жолу колдонуучу бет кап, 1 миң жеке коргонуу каражатын берди. Ошону менен катар Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине 10 миң бет кап өткөрүлүп берилди.

26-марттын саат эртең мененки 9уна карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны - 44. Алардын алтоо реанимацияда.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот,