16.03.2020 17:14

Коронавирус тоскоол эмес. Жергиликтүү кеңешке шайлоолор өз убагында өтөт

Коронавирус тоскоол эмес. Жергиликтүү кеңешке шайлоолор өз убагында өтөт

Коронавируска байланыштуу жергиликтүү депуттарды шайлоо мөөнөтү жылдырылбайт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, азырынча шайлоону жылдыруу үчүн чечим карала элек. Жергиликтүү кеңешке депутаттыкты шайлоо Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарчаларында болсо, ал эми 12-апрелде 25 айыл өкмөтү шайланат.

Шаардык кеңешке депутаттыкка катышуу үчүн 22 саясий партия өтүнмө арызын тапшырды.

Эске сала кетсек, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемияга айланышы мүмкүн деп коңгуроо каккан. Дүйнөдө 153 миң адам коронавирус менен күрөшүп жаткан болсо, көбү айыгып, 5,7 минден ашууну көз жумду.