Коронавирус жугуп калган Нарындын тургуну Бишкекте төрт күн болгон

Коронавирус жугуп калган Нарындын тургуну Бишкекте төрт күн болгон

Вирус жуктурган Нарындын 61 жаштагы тургуну Бишкекте төрт күн жүрүп кеткен. Нарынга таксиде жети киши менен чогу барганы айтылат. Жалпы 100дөн ашык адам менен байланышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнүн маалыматына караганда илдетке чалдыккан жаран ушул жылдын 15-мартында Пакистандан давааттан келген. Алгач үй карантинде болуп, кийин обсервацияга которулуп анализ алынганы маалымдалат. Анализинен вирус 28-мартта табылган. Азыркы учурда изоляцияда. Абалы канааттандырарлык.

Ал эми аны менен байланышкан адамдардын баары дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Биринчи категориядагы контакт болгон 48 адамдан анализ алынып, үй-бүлө мүчөлөрү обсервацияга жаткырылды. Дагы 105 адамга үйдөн чыкпоо эскертүүлөрү берилген.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 84 адамдан табылды. Учурда үчөөнүн абалы оор. Обсервацияда 4886 адам жатат. Үй карантинде 3338 адам бар.