Коронавирустан дагы бир бейтап көз жумду. Ал Бишкекте ооруканада жаткан

Коронавирустан дагы бир бейтап көз жумду. Ал Бишкекте ооруканада жаткан

Өткөн сутка ичинде Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

“Анда ошондой эле пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу,” - деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 11 киши көз жумду. Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 843 кишиге жетти. Республика боюнча  жалпы 600 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.