Коронавирустан каза тапкан маркумдун сөөгү жерге берилди

Коронавирустан каза тапкан маркумдун сөөгү жерге берилди

Кыргызстанда коронавирус жугузуп, ооруканада каза тапкан экинчи бейтаптын жаназасына жалпы ондон ашпаган адам катышты. Бул тууралуу Ош облустук штабынан билдиришти. Набыт кеткен бейтап эркек киши болчу. Анын буга чейин Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүндө жашаганы айтылат.

«Маркумдун сөөгү бүгүн, 5-апрель күнү, жерге берилди. Аны туугандары жана жергиликтүү бийликтен жалпы 10дон ашпаган адам сапарга узатты. Ислам дининдеги салттык үрп-адат сакталып, жууп кепиндөө иштерин дарыгерлер жүргүзгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан коопсуздук чаралары көрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-апрелде илдеттен алгачкы бир адам каза тапкан. Бүгүн өлкөдө дагы 3 адамдан коронавирус аныкталып, бейтаптардын жалпы саны 147 адамга жетти.
Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.