Коронавирустан сырткары оорулары көп болгон. Илдеттен көз жумгандар тууралуу маалымат берилди

Коронавирустан сырткары оорулары көп болгон. Илдеттен көз жумгандар тууралуу маалымат берилди

Бүгүн, 15-майда коронавирус илдетинен көз жумган жарандар тууралуу саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди. Ага ылайык, Бишкек шаарындагы 55 жаштагы эркек кишинин абалы 2-майда начарлап, кайра жандандыруу бөлүмүнө которулганы маалымдалат.

“Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында 55 жаштагы бейтап эркекке эки тараптуу пневмониянын оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, курч кармаган дем алуу дистресс синдрому диагноздорунан тышкары, өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Экинчи каза болгон бейтап Нарын облусунда 84 жаштагы аял.

“Ага пневмония, дем алуунун III даражажагы жетишсиздиги диагноздору коюлган. Анамнезде бөйрөктүн өнөкөт оорусуна операция болгондугу белгилүү болду”, - деп билдирет саламаттык сактоо министрлиги.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан оорудан 14 адам көз жумду.

Бүгүн, 15-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 29 учуру катталды.

  • Бишкек ш. – 6
  • Чуй облусу - 4
  • Ош ш. - 4
  • Ош облусу - 1
  • Жалал-Абад облусу - 2
  • Нарын облусу - 11
  • Ысык-Көл облусу – 1

Бүгүнкү күндө республика боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 1111 киши болду. Ичинен 745 жаран сакайып, үйлөрунө чыгарылган.